Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Улуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 29-июнда ушул жылдагы эң ири интервенция жасап, валюта базарына 222 миллион 550 миң доллар сатты.

Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 8-июнда 86 миллион 50 миң доллар саткан. Ага чейин валюта базарына 30-мартта 178 миллион 900 миң доллар, 10-мартта 140 миллион доллар, 19-январда 134 миллион 50 миң доллар, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң доллар чыгарган.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG