27-июнда Баткен шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен келген чыгым эсептелди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, материалдык чыгымдар келтирилген. Алдын ала эсеп боюнча жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түздү.
Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралып, мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки адамга зарыл болгон бардык медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү тапшырмасы берилди.
27-июнда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Рават айылынын аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош—Раззаков автоунаа жолу убактылуу жабылган. (JsA)
Шерине