Орус армиясынын ракета жана дрондор менен урган соңку соккуларынан Украинада кеминде 11 жай тургун каза болуп, дагы 40 адам жараат алды.
Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал чабуулду "үрөй учурган сокку" деп мүнөздөдү.
Зеленскийдин айтымында, орус армиясынын ракеталык соккусу Днепр шаарында беш адамдын өмүрүн алып, 29 кишини жарадар кылган.
Ошондой эле орус күчтөрүнүн дрону Запорожье шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобуска тийип, үч адам набыт болгон.
Сумы облусунда дрондордун чабуулунан 69 жаштагы аял жана 77 жаштагы эркек каза болгонун Украинанын Улуттук полициясы билдирди.
Ал эми Харьковдун мэри Игорь Терехов күндүзгү соккусунан бир адам каза болуп, дагы беш киши жаракат алганын маалымдады.
Украинанын бийлиги билдиргендей, адам өмүрүн алган чабуулдар өлкөнүн дагы кеминде алты аймагында катталган. Алар боюнча кошумча маалымат азырынча бериле элек.
Орусиянын бийлиги 29-июндагы соккулар тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок. Адатта Москва бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган райондорго сокку урганын четке кагып келет.
Шерине