Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Кадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл аймагындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу - 11 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты “Азаттыкка” Кадамжайдын акими Баяке уулу Болоткан ырастады.

Анын сөзүнө караганда, өспүрүм 28-июнда аймактагы ооруканада каза тапкан. Аким маркумдун ага чейин дене табы көтөрүлгөнүн айтып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал “ур-токмокко кабылган эмес” деп чыкканын айтты. Өспүрүмдүн сөөгү 28-июнда жерге берилген. Маалымат боюнча, балдар үйүндө ал эжеси менен чогуу тарбияланып жаткан.

Баяке уулу Болоткан балдар үйүндө 18 бала бар экенин кошумчалап, түзүлгөн шартты “орточо” деп баалады. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG