Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Быйылкы окуу жылында жаңы 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилет

Жаңы мектептердин биринин долбоору. Иллюстрация.
Жаңы мектептердин биринин долбоору. Иллюстрация.

Быйылкы жыл башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан 28 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу аяктады. Агартуу министрлиги билдиргендей, алар жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, 18 мектеп жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга да каражат бөлүнүүдө. Быйыл мектептерди эмерек менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 67,2 млн сом каралган.

Ошондой эле быйылкы жылы мугалимдерге 16 185 ноутбук таратуу пландалууда. 2024-жылы 27 031, 2025-жылы 20 286 ноутбук сатып алынып, мугалимдерге берилген.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG