Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Жасалма сайттар аркылуу шылуундук тарап жатканы эскертилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 11-августта кабарлагандай, Кыргызстанда жарандарды адаштырып, акчасын алуу максатында жасалма фишингдик сайттар пайда болду. Мекеменин маалыматында айтылгандай, "tolom.kg” расмий сервисин туураган фишингдик сайттар аркылуу жасалган алдамчылык көбөйдү.

Көзөмөл органы "tolom.kg" сервиси айып пулдардын бар-жогун текшерүү функциясын гана аткарарын, төлөм кабыл албасын жана банк карталарынын реквизиттерин сурабай турганын эскертти.

"Шылуундар жарандарга жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айып пул карызы бар экендиги тууралуу жалган SMS-билдирүүлөрдү таратып, tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top, tolom.pw. жасалма сайттарына өтүүсүн сунушташат. Ал сайттарда жарандарга банк картасынын номерин, CVC/CVV-кодун жана SMS аркылуу келген кодду киргизүү сунушталат. Бул банк эсебиндеги акча каражаттарынын уурдалышына алып келиши мүмкүн," - деп эскертилди.

Башкы прокуратура жарандарды шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана башка интернет-ресурстарга банк картасынын маалыматтарын киргизбөөгө чакырды. Айып пул бар-жогун «tolom.kg» расмий сайтынан, мамлекеттик порталдардан же банктардын расмий мобилдик тиркемелеринен гана текшерүү зарылдыгын, алдамчылык фактылары катталган учурда укук коргоо органдарына кайрылууну эскертти.

Кыргызстанда жарандар түрдүү жолдор менен интернеттеги шылуундарга алданып, акчасын алдырган учурлар көп катталган. Муну алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш тергелип жатат.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG