"Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анын демилгечилери - Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Чыңгыз Ажибаев.
Мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде жаңы өзгөртүүлөр аялдарды жана балдардын ден соолугун коргоо, карын энеликти коммерциялаштырууга жол бербөө жана бул кызматты кыргыз жарандарынын пайдаланышы үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кирип жатканы жазылган.
Сунушталып жаткан нормага ылайык, Кыргызстанда карын энелик тууралуу келишим кыргыз жарандарына гана жеткиликтүү болот. Чет элдик жаран менен расмий никеде турган кыргыз атуулу дагы бул кызматтан пайдалана алат.
Демилгечилер учурдагы мыйзамдар чет элдиктердин кыргызстандык карын энелердин кызматынан пайдаланууга тыюу салбасын, бул аялдар менен балдардын укуктарына доо кетире тургана токтолушкан.
Эске сала кетсек, "Азаттык" 2024-жылы Грузияга барып чет элдиктерге бала төрөп берип, бирок акчасын ала албай алданган келиндер тууралуу иликтөө тарткан.
Кыргызстанда карын энелик тажрыйбасы 2005-жылдан бери бар. Бирок бул тармактагы ишмердүүлүк купуя мүнөзгө ээ болгондуктан, карын энелик боюнча так статистика жок.
Орусияда 2022-жылдан тарта карын энелик кызматынан өлкө жарандары гана пайдалана алат, Казакстанда тиешелүү чектөө 2026-жылдын 26-июлунда күчүнө кирген. (ST)