Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жеке максатта пайдаланылуучу рулу оң жагынан солго жылдырылган машиналарды каттоого мүмкүнчүлүк берүүчү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Министрлер кабинетинин “Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 9-июлдагы долбоорунун максаты рулу сол жакка жылдырылган автоунааларды каттоо маселесин чечүү экени белгиленди. Муну менен рулу оң жактан сол тарапка жылдырылган машиналар легалдаштырууга жатпаган транспорт каражаттарынын тизмесинен чыгарылат.
Сунушталып жаткан токтом долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, учурда өлкөдө мындай автоунаанын саны 50 чакты. Алардын ээлери унаасын каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү экспертизанын корутундусун алып келүүгө милдеттүү болот. Техникалык экспертизаны Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын «Техникалык көзөмөл борбору» жүргүзөт. Аталган мекемеден техникалык абалына оң баа берилген унаа каттоого жиберилет.
Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номурлар менен жүргөн транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруунун 1-этабы 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жүргөн. Легалдаштыруунун экинчи этабы быйыл 10-июнда башталган, 1-сентябрга чейин созулат. 1-сентябрга чейин жетишпей калгандардын автоунаасы андан ары мыйзамдаштырылбайт жана Кыргызстандын аймагында айдаганга тыюу салынат.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер киргизилип кеткен. (ZKo)
Шерине