АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иран маселесине байланыштуу эки вариантты карап жатканын билдирди: Тегерандын экономикалык абалынын мындан ары начарлашына жол берүү же дипломатиялык сүйлөшүүлөр дагы эле уланып жатканына карабастан бул өлкөгө "өтө катуу сокку" уруу.
10-августта Real America's Voice News телеканалына телефон аркылуу курган маегинде Трамп Иран сүйлөшүүлөрдө «өтө айлакерлигин көрсөтүп жатканын» айтты.
Андан мурдараак эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келаткан Пакистан АКШ менен Иран макулдашууга жакындап калганын кабарлаган. Ал эми Катар Ормуз кысыгын башкаруу боюнча сүйлөшүүлөр кийинки баскычка жеткенин билдирген.
Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин жаңы катчысы Мохсен Резаи Ормуз кысыгы толук ачылышы үчүн АКШ согушту токтотуп, "тоңдурулган" ирандык каражаттарды бошотушу керек деген шарт койгон. Анын айтымында, Тегеран Вашингтон Ирандын талаптарын кабыл алмайынча кысыкты ачууга шашылбайт.
АКШнын энергетика министри Крис Райт акыркы күндөрү Перс булуңунан мунай ташуу көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, Ормуз кысыгы аркылуу суткасына орточо 9 миллион баррелге жакын мунай өтүп жатат. Бирок бул көрсөткүч согушка чейинки деңгээлден дагы эле төмөн.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бир бөлүгү өткөн стратегиялык суу жолу болуп эсептелет.