"Яндекс Пэй" App Store тиркемесинин дүкөндөрүнөн өчүрүлдү.
Бул тууралуу аталган сервис Телеграмдагы каналы аркылуу кабарлады.
Мындан тышкары Google Playден Ozon Банк тиркемеси да өчүрүлгөнү белгилүү болду.
Быйыл июлда "Яндекс Пэй" App Store тиркемесинин чет элдик версияларынан өчүрүлүп, орусиялык версиясы гана калган болчу.
Эми Apple компаниясы тиркемени орусиялык версиядан да өчүрүп салды.
"Яндекс Пэй" сервиси мурда орнотулган тиркемелер иштей берерин, бирок аны кайра орнотууга же жаңылоого мүмкүн болбой турганын эскертти.
Тиркеме азырынча Google Playдин дүкөндөрүндө жеткиликтүү.
"Яндекс Пэй" – 2021-жылы Орусиянын "Яндекс" компаниясы түзүп, ишке киргизген төлөм сервиси. Ал накталай эмес онлайн түрдө төлөмдөрдү төлөөгө, башка банктардын эсебине акча которууга, топтолмо эсебинде каражат сактоого шарт түзөт.
Сервистин операциялары боюнча банк кызматтарын "Яндекс Банк" көрсөтөт. Аталган банк Орусиянын Украинага каршы согушуна жооп иретинде 2025-жылдын июлунда Еврошаркеттин, быйыл августта Улуу Британиянын санкциясына киргизилген.
- Быйыл июлда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин кабыл алган. Анын негизинде орусиялык ондогон банктарга, анын ичинде "Яндекс Банк", Ozon Банк жана Wildberries Банктары катаал чектөөлөргө илинди.
- Санкциялык тизмеге кошулган банктардын баарынын тиркемелери App Store жана Google Playден өчүрүлүшү мүмкүн.