Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Кырктай өлкө баллистикалык ракетаны учуруу алдында эскертүү берүүгө чакырышты

"Сармат" ракетасын учуруу. 12-май, 2026-жыл. Орусия.
"Сармат" ракетасын учуруу. 12-май, 2026-жыл. Орусия.

АКШ, Британия, Европа өлкөлөрү, Жапония, Түштүк Корея, Украина баштаган 41 мамлекет континенттер аралык жана суу астындагы кайыктардан кое берилүүчү баллистикалык жана коштомо ракеталарды учуруу тууралуу алдын ала кабар берүүгө чакырышты.

Биргелешкен билдирүү АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жарыяланды.

Документке кол койгондордун тизмесинде Орусия жок.

Демилгенин авторлору Тынч океан чөлкөмүндөгү ракеталык сыноолорго шилтеме жасашып, бирок аны кайсы өлкө жүргүзгөнүн такташкан эмес.

Июль айынын башында Кытай Тынч океанда суу астында жүрүүчү кайыктан өзөктүк дүрмөттү иммитациялаган "стратегиялык ракетасын" сынаган.

Бээжин бул учуруу тууралуу сыноого аз калганда саналуу мамлекеттерге гана кабарлаган. Документте белгиленгендей, өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталарды алдын ала кабарлабай туруп сыноо коңшу мамлекеттерге коркунуч туудурат жана кырдаалды туура эмес баалоо тобокелдигин жогорулатат.

Билдирүүгө кол койгон өлкөлөр мындай учуруулар тууралуу жок дегенде 24 саат мурда эскертүү керек деп эсептешет. Кабарламада ракетанын классы, убакыт терезеси, учуруу аймагы, учуунун болжолдуу багыты көрсөтүлүүгө тийиш. Мындан тышкары, авиация жана кемелерге, ракета кулары тууралуу аймактар тууралуу алдын ала эскертүү берүү сунушталууда.

Билдирүүнүн авторлору мындай чаралар мамлекеттердин курал-жарактарды иштеп чыгуусун же аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектебей турганын, жаңылыш эсептөөлөрдүн жана эскалация тобокелдигин гана азайтарын ырасташууда.

2002-жылдан бери баллистикалык ракеталардын жайылтылышын алдын алуу боюнча Гаага жүрүм-турум кодекси иштейт. Анын катышуучулары баллистикалык ракеталарды жана алып жүрүүчү ракеталарды учуруу тууралуу алдын ала кабарлоого милдеттенет. Кодекске 140тан ашык мамлекет, анын ичинде Орусия да кошулган.

БУУ Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурганын бир нече ирет айыптап, алар Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузарын белгилеген.

12-августка караган түнү Түндүк Корея бир баллистикалык ракета учурганын Түштүк Корея менен Жапониянын аскерлери кабарлашты. Бул жыл башынан берки 11-ракеталык учуруу. Пхеньян ракеталык программаларын өлкөнүн өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашыруу деп атайт.

Орусия дагы алдын ала коомдук эскертүүсүз ракеталарды сынаган. Nuclear Threat Initiative уюмунун аналитиктеринин маалыматында, 2017–2019-жылдары өзөктүк энергетикалык курулмасы бар "Буревестник" канаттуу ракетасы 13 жолу сыноодон өткөрүлгөн.

Изилдөөчүлөр эки сыноо "жарым-жартылай ийгиликтүү" өттү деп баалашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Буревестниктин" сыноолору ийгиликтүү өткөнүн акыркы ирет 2025-жылдын октябрында кабарлаган. Орус бийлигинин ракетаны сыноодон өткөргөнү иш-чара бүткөндөн кийин гана белгилүү болгон.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG