Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Украинага чабуулда бир нече киши каза тапты, Запорожьеде 1200дөй абонент жарыксыз калды

Украина. Орусиянын чабуулунан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 11-август, 2026-жыл. Николаев шаары
Украина. Орусиянын чабуулунан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 11-август, 2026-жыл. Николаев шаары

Орусиянын армиясы 12-августка караган түнү Украинанын бир катар аймагын аткылады.

Соккулардын көбү турак жайларга тийди, курман болгондор, жараат алгандар бар.

Херсон шаардык аскердик администрациясынын башчысы Ярослав Шанько билдиргендей, турак жайларды аткылоо учурунда эки киши каза тапты.

Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин дагы эки киши жабыркаганын билдирди.

Запорожьеде орус армиясынын чабуулунан кийин соода борбору өрттөндү. Турак жайга зыян келтирилди. Запорожьеде 1200дөй абонент жарыксыз калды.

Одессада соккулардан он кабаттуу үйдүн бешинчи кабатындагы батирде өрт чыкты. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт өчүрүлгөнүн, бактыга жараша жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Полтава облусунда өндүрүш ишканасын да өрт чалды.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG