Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымсыз киргизүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.
Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов 12-августта өткөн маалымат жыйында билдирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынган бул чечим 17-августтан баштап күчүнө кирет.
"Транспорт каражаттарына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Орусия Федерациясынын же Казакстан Республикасынын жарандыгына ээ же бул мамлекеттерде туруктуу жашаган адамдарга, аталган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактарга жана уюмдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Жеңилдик ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасында 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору боюнча классификацияланган электромобилдерге жайылтылат.
Чечим күчүнө киргенден кийин импорттоочулар Кыргызстанга 15 пайыздык бажы алымысыз дагы 10 миң электромобиль киргизе алышат.
Өзгөртүүлөр Бажы бирлигинин комиссиясынын бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө чечиминен кийин киргизилген.
Экономика жана коммерция министрлиги чечим өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, экологиялык жактан таза транспортту пайдаланууну кеңейтүү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына жана өлкөнүн жашыл экономикага өтүү багытына шайкеш келерин белгилеген.
Кыргызстанга 2026-жылга 15 миң квота бөлүнгөн.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, бул көлөм толугу менен пайдаланылган.
Белгиленген лимит бүткөндөн кийин электромобилди киргизүүдө 15% өлчөмүндө бажы төлөмүн төгүүгө туура келет. Жалпы квотанын 25 миңге чейин көбөйтүлүшү кошумча 10 миң даанага чейин машинелерди бажы төлөмсүз киргизүүнү кайрадан баштоого мүмкүндүк берет.
2025-жылдын декабрында ЕАЭБ Кыргызстан үчүн 2026-жылга берилүүчү квотаны 15 миң машинага чейин көбөйткөн. Январь айында Министрлер кабинети жеңилдикти бөлүштүрүүнүн улуттук тартибин бекитип, аны тариздөө жоопкерчилигин Бажы кызматына тапшырган. (ST)
Шерине