Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө ишине туман жана кардан улам тоскоолдук жаралууда.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов жергиликтүү медиалардын бирине комментарий берген.
Кубатовдун айтымында, азыр альпинисттердин турган жерин аныктоо үчүн чыгуу жана түшүү маршруту дрон менен изилденүүдө. Куткаруу иштери андан кийин башталат.
Эдуард Кубатов альпинисттер "Кар илбирси" деңгээлиндеги адистер экенин, алар Корумду чокусуна абдан татаал багыт менен чыккандарын эске салган.
"Төрт күн мурда бизге Беларустун Альпинизм федерациясынын президенти Александр Годлевский расмий кайрылган. Биз төрт күндөн бери ИИМ, ӨКМ жана коомдук куткаруу альпинисттик кызматы менен биргеликте мониторинг жүргүзүүгө жана куткаруу операцияларын уюштурууга активдүү катышып жатабыз", - деген Кубатов.
Чоң-Алай районундагы Корумду чокусунун бийиктиги 6612,5 метр.
Ага 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы Сергей Рубцов деген литвалык альпинист 1-августта чыккан. 2-августта тоодон түшүүгө даярдыгын, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада айтылган жерге келишкен эмес.
Кыргызстандын ӨКМи Ички иштер министрлиги менен чогуу жоголгон альпинисттерди издеп жатканы кабарланган. Ошондой эле тажрыйбалуу башка альпинисттерден атайын издеп-куткаруучу топ түзүлгөн. Топту беларустук тоо сүйүүчүсү Александр Смирнов жетектейт. (ST)
Шерине