Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо 2026-жылы аяктап, станциянын кубаттуулугу 216 МВтка жогорулайт.
Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
"Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Аларды модернизациялоону 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин, башкача айтканда, 18 МВтка жогорулайт", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №3 жана №4 гидроагрегаттар толугу менен жаңыртылып, кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн.
Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. Акыркы жүргүзүлгөн иштер 60 жылдан берки алгачкы ири модернизация болуп саналат.
Июнь айында президент Садыр Жапаров акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы курулганын, ушул тапта дагы 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу, күн жана шамал электр станцияларынын курулушу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирген.
“Казарман ГЭСтер” каскадын 2031-жылга чейин куруп бүтүрүү пландалып жатканы белгилүү болгон. (ST)
Шерине