1-сентябрдан тарта күйүүчү-майлоочу материалдарды, алкоголдук жана тамеки өнүмдөрүн жүгүртүү менен алектенген субъекттер үчүн ЭТТНди (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы) милдеттүү түрдө колдонууну жоюу пландалууда.
Салык кызматы бул иш-чара ЭСФ 2.0 жаңы модулун пилоттук режимде киргизүүгө байланыштуу жүрүп жатканын билдирди.
"Бардык керектүү маалыматтар жаңы ЭСФ 2.0 системасында көрсөтүлөт. Ал акциздик товарларды сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн бирдиктүү документ болуп калат. ЭСФ 2.0 расмий 1-сентябрдан тартып мунай жана мунайзаттары, ошондой эле ЕЭК тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарлар үчүн гана иштейт. Алардын катарына муздаткыч жана тоңдургуч камералар, кир жуучу машиналар жана телевизиондук байланыш үчүн кабыл алуучу аппаратуралар кирет", - деп жазылган маалыматта.
Тамеки, көмүр жана алкоголдук өнүмдөр үчүн ЭСФ 2.0 пилоттук режимде иштейт. Бул тартип жалпы товарлардын топторуна да колдонулат. ЭСФ 2.0 расмий ишке киргизилгенге чейин ЭСФтин учурдагы форматы милдеттүү түрдө колдонулат.
Мамлекеттик салык кызматы ЭСФ 2.0 жаңы модулун пилоттук тестирлөөгө бизнес өкүлдөрүн катышууга чакырган. Бардык сунуштар жана сын пикирлер системаны жакшыртууда эске алынышы мүмкүн экени эскертилген.
Салык кызматы билдиргендей, ЭСФ (электрондук эсеп-фактура) колдонуу талаптарынан бошотулган субъекттер бул тартипке кирбейт. Жаңы модулду расмий ишке киргизүү датасы жана ЭСФ колдонууга милдеттүү ишкерлердин жаңыртылган форматка өтүү тартиби тууралуу пилоттук этап аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет.
- Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 2025-жылы "Азаттыкка" курган маегинде ЭТТК маселесин арак, тамеки, мунайзат, дары-дармек жана башка акциздик жана импорттук товарларга калтыруу маселеси каралып жатканын билдирген. Орто жана кичи бизнес ЭТТКдан бошотулуп, электрондук да, кагаз түрүндө да эсеп-фактураны толтурууга уруксат берилерин кошумчалаган.
- Кыргызстанда 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
- 2024-жылы Министрлер кабинети салык мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштап, Жогорку Кеңеш аны биринчи окууда кабыл алган. (ST)
Шерине