Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр тор чыгарылды

Ысык-Көл.

Суучулдар Ысык-Көлдөн үч күн ичинде 6800 метр синтетикалык эски торду жана 140 килограмм таштандыны алып чыгышты.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта акваториядагы үч күндүк рейдди Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жүргүзгөнү, 11-августта 2300 тор жана 50 килограмм таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 килограмм таштанды, 13-августта 2500 метр тор жана 50 килограмм таштанды чыгарганы айтылган.

Башкармалык жети ай ичинде акваторияны 24300 метр
тордон жана 650 кг таштандыдан арылткан.

Ысык-Көлдөгү рейддик иш-чаралар президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 жарлыгына ылайык жүрүп келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрель айында тиешелүү кызматтар акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтып, элди табиятты таза кармоого чакырган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген. (ST)

Дагы караңыз

"Чакан ГЭСке" таандык алты гидроагрегат оңдолуп жататЖапаров Ташиевди президент кылуу планы болгонун билдирдиСадыр Жапаров Кумтөрдү алуу демилгесин Октябрь окуясынан кийин өзү көтөргөнүн айтты

(ST