Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

"Чакан ГЭСке" таандык алты гидроагрегат оңдолуп жатат

Энергетика министрлигинин билдиришинче "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна таандык ГЭС-6нын №2 жана ГЭС-3түн №1 гидроагрегаттарындагы капиталдык оңдоо иштери, Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Министрликтин маалыматында, 2026-жылы төрт гидроагрегатта капиталдык оңдоо жүргүзүү каралган.

Алар: ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты, ГЭС-4түн №1 гидроагрегаты, ГЭС-5тин №2 гидроагрегаты жана ГЭС-6нын №2 гидроагрегаты.

Быстровка ГЭСинин №2 жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегаттарында орточо оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.

Күз-кыш мезгилине даярдык алкагында үч май өчүргүчтү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылып, экөө Аламүдүн ГЭС-1де орнотулду.

"Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна 10 станция - Аламүдүн каскады, Быстровка жана Бала-Саруу ГЭСтери таандык. Компаниянын станцияларынын жалпы кубаттуулугу 63,5 МВт.

Энергетика министрлигинин маалыматында, быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлсө, 4,1 млрд кВт/саатты импорттоого туура келет. Өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн болжол менен 21% импорттун эсебинен жабылат.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы июль айындагы адаттан тыш аптапта электрди керектөө кескин өскөнүн билдирген. 19-июлда электрди суткалык керектөө 50 млн 122 миң кВт/саатты түзүп, былтыркы тарыхый рекорддон ашып түшкөн.

Мындан улам министрлик электр жабдууларын, чубалгы жана көмөк чордондорду сактап калуу үчүн Бишкекте жана Чүй облусунда маал-маалым менен электрди өчүрүүгө өткөнүн билдирген. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG