Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Министрлик нандын, шекердин жана майдын баасы көтөрүлгөнүн билдирди

Базардагы нан. \Бишкек.
Базардагы нан. \Бишкек.

Кыргызстанда акыркы айларда картөшкө баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, жумуртка 0,6%, бөлкө нан 0,3%, күн карама майы жана кумшекер 0,1% жогорулады.

Ал эми каймак майдын баасы 1,9%, пияз 0,9%, уй эти 0,4% жана кой эти 0,1% төмөндөдү. Калган товарлардын баалары өзгөрүүсүз.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Азык-түлүктүн учурдагы баасы министрлик Орусия жана Казакстан менен салыштырып мониторинг жүргүзгөндө аныкталган.

Улуттук статистика комитети апрелде азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9% жогорулаганын билдирген.

Өкмөт кымбатчылыкка күйүүчү майдын баасынын өсүшү көп таасир этип жатканын, анын алдын алуу үчүн маяналарды көтөрүп, бааны туруктуу кармоо аракетин көрүп жатканын айтып келет. (ST)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG