Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Орусия Одессада жүргүнчү поездин аткылап, эки киши каза тапты. Измаилде электр жарыгы жок

Киев Орусиянын чабуулдарынын биринен кийин. 11-август, 2026-жыл
Киев Орусиянын чабуулдарынын биринен кийин. 11-август, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 13-августка караган түнү Украинаны 133 дрон менен аткылады. Абадан коргонуу күчтөрү 111 дронду атып түшүргөнүн Украинанын армиясы билдирди.

Одесса облусунда дрон соккусунан 18 жаштагы кыз жараат алды. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, ал оор абалда ооруканага жеткирилди.

"Укрзалізниця" (Украин темир жолдору) компаниясы Одесса облусунда жүргүнчү поездине соккуда машинист жана анын жардамчысы мерт кеткенин кабарлады.

УНИАНдын маалыматына караганда, поезд аба чабуулдары тууралуу эскертүүлөр учурунда жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө жетишүү үчүн станцияга кирген.

"Коркунучка карабай бригада 340 жүргүнчү поездден коопсуз түшүп кетиши үчүн аны токтоткон эмес. Жүргүнчүлөрдүн баары жана поезд бригадасы эвакуиацияланды, алардын арасында жабыркагандар жок. Биздин кесиптештер жүргүнчүлөрдү коргоо үчүн ишин жоопкерчилик менен аткарышты".

Измаилдин мэри Андрей Абрамченко шаарга жапырт чабуул болгонун кабарлады. Измаилдин бир бөлүгү электр жарыгысыз калганын, суу объектилери резервдик энергия менен иштеп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусунун Рени портунда Украинанын Аскер деңиз күчтөрүнүн башкаруу пунктун талкалаганын, Измаил портунда украин армиясынын убактылуу локация пунктун, порт инфраструктура объектилерин жок кылганын билдирди.

Чернигов районунда Орусиянын соккусунан он жашар бала жабыркады, чарбалык имараттар, май куюучу станция жана кургак чөп өрттөндү.

Харьков облусунун Вербовка кыштагында орус армиясынын соккусунан үч киши жабыркады.

Балаклея шаардык аскердик администрациясынын башчысы Виталий Карабановдун маалыматына караганда, кыштакта жер там жана дагы бир имарат толук талкаланды. Үйлөрдүн биринин терезеси күбүлүп, үч автоунаага зыян келтирилген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG