"Кыргызфармация" ишканасындагы мыйзамсыз иштерден улам мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилген.
Башкы прокуратуранын маалыматында, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктарын эске албастан жүргүзүлгөн. Натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60тай түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.
"Саламаттык сактоо уюмдарынын билдирмелери жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынгандыктан 63,8 млн сомдон ашык өнүм пайдаланылбай кампаларда калып кеткен. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү алдын ала 137 млн 950 миң сомго бааланууда", - деп жазылган маалыматта.
Башкы прокуратура аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
“Кыргызфармация” Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча азырынча жооп бере элек.
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы өлкөдөгү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн түзүлгөн. Ага өлкөнүн бейтапканаларын зарыл дары-дармектер менен камсыздап, дары базарындагы туура эмес баа саясатына жөндөө милдети жүктөлгөн. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен ишканага миллиард сом жана кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Мекеме сайтында 197дей саламаттык сактоо уюмун тейлерин, 322 дары жеткирүүчү менен кызматташарын көрсөткөн. (ST)
Шерине