Орусиянын президенти Владимир Путин Курил жээгинин түштүгүндө жайгашкан Итуруп аралына барды.
Бул анын Курил аралдарына биринчи сапары.
Ал "Ясный" балык иштетүү комплексин, борбордук райондук оорукана менен мектепти кыдырып, Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко менен жолугушту.
Жапон тышкы иштер министри Тосимицу Мотеги буга жооп иретине "түндүк аймактар, анын ичинде Итуруп Жапониянын тарыхый жана юридикалык жактан ажырагыс аймактары болуп саналарын" билдирди. Токио бул сапарга чечкиндүү каршы экенин айтты.
Орусиялык ТАСС агенттиги жазгандай, буга чейин орус аткаминерлери Курил аралдарына беш жолу барышкан. Төрт жолу Дмитрий Медведев өкмөт башчы, президент болуп турганда, бир жолу Итуруп аралына премьер-министр Михаил Мишустин барып кайткан.
Жапония Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи аралдарына Орусиянын тиешеси бардыгын тааныбайт. Ал аралдарды Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында СССР оккупациялап алган. Талаш-тартыштан улам Орусия менен Жапония тынчтык келишим түзгөн эмес.
2018-жылдын ноябрында Жапониянын ошол кездеги премьер-министри, маркум Синдзо Абэнин Путин менен жолугушуусунан кийин Токио аралдар боюнча 1956-жылдагы декларацияга кайтууга даяр экени кабарланган.
Анда СССР эки өлкө тынчтык келишимине кол койгондон кийин Хабомаи жана Шикотан аралдарын Жапонияга берүүгө макул болгон.
Орусия Украинага негизсиз толук масштабдуу кол салгандан кийин Жапония Путинге жана башка орусиялык жогорку кызматтагы аткаминерлерге санкция киргизип, Орусияны соодадагы эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн өлкө деген макамынан ажыраткан.
Кечээ Путин "Варяг" ракеталык крейсеринин бортунан Тынч океанындагы аскердик машыгууларды көрүп жатып, кемелердин барымтасы үчүн Батыш мамлекеттерине "күзгүдөй жооп" кайтарарын билдирген.
Шерине