Орусиянын Wildberries маркетплейсинин жана анда иштеген сатуучулардын дрон соккусунан кийинки жоготуулары 600–800 миллиард рублди түзүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Forbes бейшембиде Data Insight изилдөө агенттигинин алдыңкы аналитиги Сергей Семконун баалоосуна шилтеме берип жазды.
Эксперттин эсептөөсүндө, кампаларды жана инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн компания 147ден 223 миллиард рублга чейин чыгым тартышы мүмкүн.
Объектилерди толугу менен демонтаж кылуу, таштандыларды чыгаруу жана аймакты рекультивациялоо талап кылынса, чыгымдар 278,9 миллиард рублга чейин өсүшү ыктымал.
Семконун баалоосунда, сатуучулардын жоготуулары 445–507,8 миллиард рублга жетет.
"Немис толкуну" буга чейин ушундай эле божомолду Орусиянын Электрондук аянтчаларда соода кылуу үчүн товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (АПТЭП) башчысы Маргарита Евстигнеева айтканын жазды.
Евстигнеева компаниянын кампаларына коюлган чабуулдардан Wildberries'тин 400 миңден ашуун сатуучусу жабыркаганын, түшпөй калган пайданы эске алуу менен жалпы зыяндын суммасы 600–700 миллиард рублга жетиши мүмкүн экенин билдирген.
Маркетплейстин негиздөөчүсү Татьяна Ким Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден келген он миңдеген ишкерлер миллиарддаган зыянга учураганын ырастады.
Wildberries'тин жетекчилиги Казакстан жана Кыргызстандын министрликтери жана ишкерлер ассоциациялары менен жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөнө баштаганын жарыялады.
Украинанын куралдуу күчтөрү июль айынын ортосунан бери Орусиянын ар кайсы аймактарындагы Wildberries логистикалык борборлоруна дрондор менен сокку урууда.
Reuters агенттигинин спутник сүрөттөрүнө жүргүзгөн анализге ылайык, маркетплейс өзүнүн кубаттуулугунун болжол менен 20% ажыраган болушу мүмкүн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский компаниянын кампалары дрондорго, навигациялык жабдууларга жана башка аскердик шаймандарга керектүү санкциялык тетиктерди жеткирүүдө колдонулуп жатканын билдирген.