Аксыда асынып алганы айтылган келиндин жакындары ал зомбулуктан өлгөнүн билдиришүүдө

Аксы районунда 9-августта асынып алганы айтылган 34 жаштагы Гүлзат Курманбекованын жакындары анын өлүмүнө зомбулук себеп болгонун айтып чыгышты. Алар келиндин өз жанын кыйганына ишенбей турганын, тергөө акыйкат жүрүшүн талап кылышууда.

“Кечки саат тогуздарда сиңдиси сүйлөшкөн экен. “Мен ушундай, урушуп жатам, эртең сүйлөшөм” деп телефонун өчүрүп койгон экен. Кийин чалса эле телефону өчүк, кийин иштеген эмес. Ата-энесине эртеси эртең менен саат жетиде кудалар келип угузушкан. Кыздын сөөгү мейитканада экен. Мен атасынын бир тууганы болом. Мен келгенде бетинде тактар, моюну болсо токтобой калыптыр. Жондорунда карала, көк ала тактар, тээп, ура берген. Эки буту эле тизеден ылдый соо, калганы тамтыгы жок. Кийин сууга алганда мен атайлап эле кирдим, көрүп турайын деп. Сүрөт, видеолорго алганбыз, аларды деле жиберебиз силерге. Бизге чындык, акыйкат эле керек. Милиция эч нерсе кылган жок, ошол күндөн бери бирөө басып келбеди”,- деди маркумдун эжеси Гүлмира Нарматова.

Райондук милиция окуя боюнча маалымат бере элек. Келиндин сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн, бирок анын жыйынтыгы чыга электигин жакындары билдиришти.

Окуя 9-августка караган түнү Кара-Камыш айыл аймагынын Кызыл-Көл айылында болгон. Маркум Гүлзат Курманбекованын артында үч баласы калган. Анын сөөгү өзү чоңойгон Кезарт айылында атасынын үйүнөн чыгарылып, жерге берилген.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын жапырт соккусунан бир киши каза таап, 20дан ашууну жараат алды "Бир түндө 800дөн ашуун дрон жок кылынды". Орусияга жапырт чабуулда алты киши каза таап, аэропорттор ишин токтотту