Орусиянын Ростов облусунда дрон жана ракета чабуулунан беш киши каза таап, бирөө жабыркады.
Аймак ушул аптанын башынан бери төртүнчү ирет украин армиясынын жапырт чабуулуна алынды.
Ростовдун губернатору Юрий Слюсарь билдиргендей, 16-августка оогон түнү абадан коргонуу системасы үч шаарда (Каменск-Шахтинский, Гуково, Донецк) жана тогуз райондо (Матвеево-Курганск, Чертковск, Шолохов, Цимлянск, Тарасов жана Верхнедонск) иштеди. Турак жайлар, административдик имараттар, темир жол бекеттери, ишканалар жабыркады.
Бул түнү облус аймагынан 150дөн ашуун дрон жана ракета жок кылынды. Слюсарь адамдар кайсы жерде, кандай шартта өлгөнү тууралуу так маалымат берген жок.
Түндө жапырт чабуулга Москва облусу да кабылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 187 учкучсуз учак атып түшүрүлдү. Бир киши каза тапты. Подольскиде Wildberries маркетплейсинин кампасы өрттөнүп жатат. Домодедоводо сокку дары-дармек кампасы менен турак жайларга, Каширде полиция бөлүмүнө, Воскресенскиде өнөр жай объектинин имаратына сокку тийгенин Москва облусунун губернатору Александр Воробьёв маалымдады.
Орусияда ушуну менен Wildberries маркетплейсинин 17-кампасына дрондор менен сокку урулду.
Внуково, Домодедово, Жуковский, Тамбов, Сочи жана Геленжиктин аэропорттору ишин токтотту.
Краснодарда ракеталык сокку тууралуу коркунуч жарыяланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде жалпысынан өлкө аймагында 822 украиналык учкучсуз учактар кармалды же жок кылынды.
Алар Белгород, Брянск, Владимир, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Нижегород, Орлов, Ростов, Рязан, Тамбов жана Тула облустарында, Москва аймагында, Краснодар крайында жана аннексияланган Крымда, Азов, Кара деңиз акваторияларынын үстүндө жок кылынган.
Ишембиге караган түнү Ростов облусунда ракета жана дрон чабуулунан жети хутордо миңдей киши жарыксыз калган. Краснодар крайында 12-августка караган түндөгү чабуулда бир киши каза таап, ондогону жараат алган. Мунун алдында Геленжиктеги Архипо-Осиповка пляжында дрон кулап, жети киши каза таап, 58и жабыркаган.
Киев Орусиянын армиясы түнү 106 дрон жана ракеталар менен сокку урганын, анын бир бөлүгү Ростов облусунун Миллерово аймагынан, Краснодар крайынын Приморск-Ахтарск, Курск Орел, Брянск, оккупацияланган Донецкиден жана Крымдын аймагынан учурулганын жарыялады.
Украинада түнкү соккулардан кеминде бир киши каза таап, кеминде 16 киши жабыркады.
Жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Киев, Кривой Рог, Каменский жана Кременчуг шаарларын ракета жана дрондор менен аткылады.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. «Суспільне» басылмасы Днепрде жардыруу болгонун жазды.
Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Кривой Рогдо соккулардан бир киши каза таап, алтоо жараат алганын маалымдады.
"Украин чындыгы" басылмасы Украинанын "АрселорМиттал Кривой Рог" тоо-металлургия комплексинин ири ишканасы бутага алынган болушу ыктымалдыгын кабарлады.
Ишембиде орус армиясынын чабуулдарынан Днепропетров облусунда 17 киши жабыркаган. Облус башчысы Александр Ганжа орусиялыктар дрон жана авиабомба менен беш райондо 50дөн ашык сокку урганын билдирген.
Никопольск районунда ишканалар, базар, автобус жана жер тамга зыян келтирилип, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы беш киши жабыркаган. Синельников районунда ишканалар менен банктар зыян тартып, беш киши жабыркаган.
Павлоградда жер тамдар, автоунааларга зыян келтирилип, эки киши жараат алган. Кривой Рогдо да инфраструктура жана автомобил зыянга учурап, эки адам оор абалда, бирөө орточо оор абалда ооруканага түшкөн.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Шерине