Набыт болгондордун бири 30 жаштагы Рамазонали Басиров. Ал Татарстанга иштегени бир ай мурда гана барган. Артында үч баласы калды.
Орус бийлиги чабуулда жалпысынан 13 киши каза болгонун билдирүүдө. Украин армиясы ошол түнү Нижнекамскидеги «Танеко» мунай иштетүүчү заводун бутага алганын ырастаган.
Рамазонали Басиров Тажикстандын Согд облусунун Бободжон Гафуров районундагы Овчи-Калача жамаатынын тургуну болгон.
Анын таякеси Равшан Нуруллоев 11-августта «Озоди» радиосуна жээни көп жылдан бери жүк көтөрүүчү крандын айдоочусу болуп иштеп келгенин айтып берди.
«Рамазонали бир нече жылдан бери Орусияга барып-келип иштеп жүрчү. Акыркы жолу Дүйшөмбүдө курулушта иштеп жаткан, андан кийин аны Орусияга чакырышкан. Бизге дрон тийгенин гана айтышты. Башка эч нерсе билбейбиз», — деди ал.
Рамазоналинин артында үч баласы калды. Улуу баласы сегиз жашта.
Анын жакындары азыр маркумдун сөөгүнүн Тажикстанга жеткирилишин күтүп жатышат.
«Кабарды атасына айттык, бирок апасына азырынча айта элекпиз. Анын кан басымы жогору. Сөөгү келгенге чейин күтө туралы деп жатабыз. Рамазонали үй-бүлөдөгү жалгыз уул болчу. Эжеси, карындашы бар. Жакшы бала болчу. Акча жөнөтүп, тиричиликтин камын көрүп, ата-энесине каралашып турчу», — деди Равшан Нуруллоев.
Нижнекамскидеги тажик коомчулугунун коопсуздук себептеринен улам аты-жөнү ачык айтылбаган өкүлүнүн маалыматына караганда, Басиров бул жолу Орусияга бир ай мурда гана иштегени келген.
Ал түркиялык «Ямата» компаниясында иштеген. Компания Нижнекамскиде химиялык ишкана куруп жаткан. Жумушчулар өнөр жай аймагындагы жатаканаларда жана хостелдерде жашашкан.
«Озоди» радиосунун журналисттеринин колуна тийген Басировдун Орусияда иштөөгө уруксат берген патентинде анын кесиби жүк көтөрүүчү крандын айдоочусу деп көрсөтүлгөн.
Тажик коомчулугунун өкүлү жумуш берүүчү компания менен Татарстан бийлиги маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө кеткен чыгымды төлөөнү жана анын үй-бүлөсүнө кенемте берүүнү убада кылганын билдирди.
Нижнекамскинин башчысы Радмир Беляев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө эки миллион рублден, ал эми жараат алгандарга жаракатынын оордугуна жараша 300 миңден 600 миң рублге чейин төлөнөрүн айткан.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Озоди» радиосуна чабуулда өлкөнүн дагы эки жараны жараат алганын ырастап, экөө тең ооруканада жатканын билдирди.
Сегиз өзбекстандык набыт болду
Чабуулда Өзбекстандын сегиз жараны да каза тапты. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, алар Нижнекамскидеги курулуш компаниясында иштеген жумушчулар болгон. Жараат алгандардын арасында да өзбек жарандары бар.
Президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Өзбекстанда вице-премьер-министр Ачилбай Раматов башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Комиссия жараат алган өзбекстандыктардын абалынан кабар алып, аларга керектүү жардам көрсөтүүгө, ошондой эле маркумдардын сөөгүн атайын авиакаттам менен мекенине жеткирүүгө жооптуу. Өзгөчө кырдаалдар, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо министрликтери жана Миграция агенттигинин өкүлдөрүнөн турган атайын топ Орусияга жөнөтүлдү.
Өзбек бийлигинин маалыматы боюнча, Казандагы консулдук менен Миграция агенттигинин өкүлдөрү да Нижнекамскиге барып, орус бийлиги менен иш алып барууда. Нижнекамскиге жапырт дрон чабуулу 9-августтан 10-августка караган түнү болгон.
Орус бийлигинин маалыматы боюнча, дрондордун бири өнөр жай аймагындагы жумушчулар жашаган жатаканага тийген. Reuters агенттиги Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянып, 13 маркумдун тогузу ошол жатаканада болгонун жазды. Агенттик бул маалыматты өз алдынча текшере алган эмес.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов сокку жумушчулар эртең мененки тамак ичип жаткан маалда болгонун билдирген.
Набыт болгондордун арасында беш жаштагы секелек дагы бар экени расмий кабарланды.
Татарстанда каза болгондорго байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды. Орусиянын Тергөө комитети Нижнекамскидеги чабуул боюнча «террордук акт» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Орус бийлиги Украина Нижнекамскидеги жарандык жана өнөр жай объектилерине дрон менен сокку урду деп айыптоодо.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы болсо 10-августка караган түнү Нижнекамскидеги «Танеко» мунай иштетүүчү заводун бутага алганын ырастаган. Киевдин маалыматына караганда, соккудан кийин заводдун аймагында өрт чыккан. Украин тарап операция Орусиянын аскердик потенциалын азайтууга багытталганын билдирди.
Reuters текшерген видеолордо мунай заводунун аймагынан түтүн чыгып жатканы көрүнгөн.
Агенттиктин маалыматына ылайык, «Танеко» 2024-жылы 17 миллион тонна мунай иштетип, анын ичинде 2,7 миллион тонна бензин жана 8,5 миллион тонна дизелдик күйүүчү май өндүргөн.
Орусиянын мунай тармагына соккулар күчөдү
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кеңири масштабда кол салгандан бери эки өлкөнүн ортосундагы согуш уланып келет.
Украина акыркы айларда Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жана күйүүчү май инфраструктурасына соккуларын күчөттү.
Киев бул объектилер Орусиянын армиясын күйүүчү май жана каражат менен камсыздоого жардам берерин айтып келет.
11-августка караган түнү да чабуулдар уланды. Украинанын Башкы штабы Оренбург облусундагы «Орскнефтеоргсинтез» мунай иштетүүчү заводуна сокку урулганын ырастап, анда өрт чыкканын билдирди. Орск Украинадан болжол менен 1500 чакырым алыстыкта жайгашкан. Завод жылына алты миллион тоннага жакын мунай иштетип, бензин, дизель жана авиациялык күйүүчү май өндүрөт.
Ошол эле түнү Воронеж облусунда да ири кампаларда өрт чыкты.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү Воронеж шаарынын жана облустун беш районунун үстүнөн 15 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Новоусман районунда 49 жаштагы киши каза болуп, дагы эки адам жараат алган. Алардын бири чабуул маалында көчөдө, экинчиси Wildberries логистикалык ишканасынын аймагында болгон.
Гусевдин айтымында, «дрондордун кулашынын кесепетинен» ири компаниянын эки кампасында өрт чыккан. Бир кампада 16 миң чарчы метр аянттагы өрт өчүрүлгөн, экинчисинде 20 миң чарчы метр аянтты каптаган өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары үч жүк ташуучу жана бир жеңил машине жабыркаган.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, сөз Новоусман районунун Александровка айылындагы Wildberries логистикалык борбору тууралуу болуп жатат. Компаниянын басма сөз кызматы Воронеж облусундагы логистикалык объектилердин кызматкерлери коопсуздук талаптарына ылайык эвакуацияланганын билдирди.
Маалыматка караганда, бул комплекс толугу менен 2025-жылдын ноябрында гана ишке кирген. Анын аянты 152,9 миң чарчы метрди түзүп, кампаларында 90 миллиондон ашык товар сактоого мүмкүнчүлүк болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги 10-августтун кечинен 11-августтун таңына чейин өлкөнүн бир катар аймактарында 396 украин дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок.
Орусиянын мунай иштетүүчү объектилерине жасалган соккулар өлкөнүн айрым аймактарында күйүүчү май тартыштыгын күчөттү.
Бул жагдай Орусиядан күйүүчү майга көз каранды Борбор Азия мамлекеттерине да таасир этүүдө.
Орусиянын күн сайын соккуларынан бейкүнөө кыйылган өмүрлөр
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.
11-августка караган түнү да Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Запорожье шаарына ракета жана башкарылуучу авиабомбалар менен жапырт сокку урду. Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров Telegram баракчасында билдирди.
Жергиликтүү бийликтин акыркы маалыматына караганда, чабуулдун кесепетинен алты адам каза болуп, 19у жаракат алды.
Соккулар өнөр жай объектилерине жана инфраструктуралык жайларга тийген. Натыйжада турак үйлөр, ишканалардын имараттары жабыркаган. Шаардын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүп, бир нече жерде өрт чыккан.
Облус жетекчиси жарыялаган видеодо күйүп жаткан имараттар менен унааларды көрүүгө болот.
Ошол эле учурда Киев шаарында түн ичинде баллистикалык курал коркунучу тууралуу бир нече жолу эскертилип, соңку маалыматка караганда, бир адам жабыркады.
Полтава облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич Полтава районунда Орусияга таандык деп болжолдонгон учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары көп кабаттуу үйдүн чатырына кулаганын маалымдады. Анын айтымында, жабыркагандар боюнча маалымат түшкөн эмес.
Бийлик келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактоону улантууда.
Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдиргендей, Орусиянын армиясы дубандын беш районун аткылап, үч киши каза тапты, анын бири 15 жаштагы өспүрүм. Дагы беш киши түрдүү жараат алды.
Шерине