Жогорку сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актаган өкүмдү күчүндө калтырды

Мирланбек Марат уулунун Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.

17-августта Жогорку сот Фейсбуктун колдонуучусу Мирланбек Маратбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси - “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” менен күнөөсүз деп таап, толук актады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына видео жарыялап “муну менен өлкөдө адилеттик орноду дегенге болбой турганын, мыйзамсыз кармалып абакта жаткандар чыгып, аларга иш козгогондор жазага тартылышы керектигин” айтты.

Ысык-Ата райондук соту Мирланбек Маратбек уулун 2025-жылдын февраль айында актаган. Кийин Чүй облустук соту өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра биринчи инстанцияга кайтарган. Райондук сот кайра актоо өкүмүн чыгарып, облустук сот кийин ал чечимди күчүндө калтырган.

2024-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган.

Облустук милициянын басма сөз кызматы анын Чүй облусундагы үйүн тинтүү Каракол шаардык сотунун токтомунун жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгонун, Мирланбек Маратбек уулунун бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок экенин билдирген.

Ал мыйзамга каршы эч кандай иш кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айткан.

Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келет. 2024-жылы 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко өзгөртүлгөн желекке байланыштуу макулдашылбай илинген туу боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, прокуратурага бир нече жолу арыз жазган. (BTo)


Дагы караңыз

Подмосковьеде дрон соккусунан Wildberries'тин кампасы өрттөндү, Ростовдо беш киши каза тапты “75чилердин иши”: Адвокаттар тергөөчүлөргө, судьяга чара көрүүнү өтүнүп жатышатКорумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин сөөктөрү байкалганы кабарланды Экс-спикер Тургунбек уулу соттор көз карандысыз болушу керектигин айттыУкраина: Орусиянын жапырт соккусунан бир киши каза таап, 20дан ашууну жараат алды