Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон үч альпинистти издөө тобунун башында турган беларус тоо сүйүүчүсү Александр Смирнов 16-августта тоо боорун дрон менен тартуу учурунда кар көчкү жана таш түшкөн жер аныкталганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, буга чейин буюмдар табылган жерде үч альпинисттин да сөөгү болушу мүмкүн.
Издөө иштерин жүргүзүп жаткан топтун маалыматы боюнча, кар жана таш көчкүсүнөн улам видеодон адамдардын сөөгү так көрүнгөн жок. Бирок бут кийимдер, кийим-кече жана адамдын денесине окшош сөлөкөттөр байкалган.
“Буга чейин тоо боорунан табылган буюмдар аркан аркылуу бири-бири менен байланышкан. Бул үч адамдын бир арканга байланып, чогуу жүргөнүн көрсөтөт. Акыркы күндөрү аларга таандык буюмдардын баары тоо боорунун төмөн жагынан табылган”, - деп жазды ал.
43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даяр экенин, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.
Александр Смирнов дайынсыз болуп жаткан альпинисттер тажрыйбалуу экенин кабарлаган.
Корумду чокусу - Памир-Алай тоо системасынын Чоң-Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, бийиктиги 6613 метрге жетет. Альпинисттер Кыргызстандын чокуларында дайынсыз болгон же каза тапкан окуялар буга чейин да катталган.
2025-жылы августта Жеңиш чокусунда орусиялык альпинист Наталья Наговицина жана италиялык Лука Синигалья каза болгон. Андан тышкары, ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах чокудан түшүп келатып дайынсыз жоголгон. (BTo)
Шерине