АКШ президентинин администрациясы кытай товарлары азыркы бажы төлөмдөрүн кыйгап өтүп, америкалык базарга түшө турган өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту.
Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Соода жана өндүрүш саясаты башкармалыгынын баяндамасында айтылат.
Документте америкалык тарап мыйзамсыз транзитке байланыштуу тобокелдик жогору деп эсептеген 40тан ашуун мамлекет жана аймактардын тизмеси жазылган.
Кеп Америка импорттук жогору тарифтерди киргизген мамлекеттерден товарлар продукциялар үчүнчү өлкөлөр аркылуу кайра таңгакталып, кайра маркирлөөдөн өтүп, же башка мамлекетте чыгарылган товардай жасалгаланып, америкалык базарга киргизилип жаткан схема тууралуу болуп жатат.
Баяндаманын авторлорунун баасында, Казакстан менен Өзбекстан экономикасы анча чоң эмес өлкөлөр категориясына кирет, бирок жумушчу күчтүн арзандыгына, эркин экономикалык зона, транспорттук инфраструктура жана бажы көзөмөлүндөгү өзгөчөлүктөр мындай схема үчүн ыңгайлуу болушу ыктымал.
Баяндамада Казакстан менен Өзбекстан Кытайдын "Бир алкак-бир жол" демилгесиндеги кургактагы транспорттук түйүн катары аталган.
Авторлор жүктү ташуу жана консолидациялоодо темир жол инфраструктурасы маанилүү экенин белгилешкен.
Аталган мамлекеттердин бул тизмеге кириши алардын АКШга бардык экспорту баы эрежелерин бузуу менен жүрүп дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалаган.
Үчүнчү өлкөлөр аркылуу сооданын көбөйүп жатышы өндүрүштү мыйзамсыз алмаштыруу жана жеткирүү чынжырынын өзгөртүлүшү менен байланыштуу да болушу мүмкүндүгү да жазылган.
Казакстан менен Өзбекстанга автоматтык түрдө санкция же кошумча төлөм киргизүү да документте камтылган эмес.
Вашингтон импорттук товарлардын өндүрүлгөн жерине көзөмөлдү күчөтө турганын билдирүүдө. Бажы төлөмдөрүн айланып өтүү фактыларын аныктоо максатында жеткирүү жолдору, товардын чыккан өлкөсү, компаниялардын байланышы жана алардын иш жүзүндөгү өндүрүш кубаттуулугу талдоого алынмакчы.