Кыргызстандын күйүүчү май тармагында иштеген бир катар компаниялары Кытайдан авиакеросин жана дизел ташып келүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ушул күндөрү Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда жумушчу сапары менен жүргөн Эрлист Акунбеков бул сапардын негизги максаты – эки өлкөнүн мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда байланыш түзүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүнү тездетүү экенин айтты.
“Биздин бир катар компанияларыбыз авиакеросин жана дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Күйүүчү майдын алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди. Буга байланыштуу, бул маселеде көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет”, - деди ал.
“Ынтымак ордо” Эрлист Акунбеков менен чогуу Кыргызстанда күйүүчү май тармагында иштеген ондон ашык компаниянын жетекчилери Кытайда жүргөнүн маалымдаган.
Жолугушууда Кыргызстандагы мунай, газ кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландары да сөз болду. Кытайдан Кыргызстанга кара майды ташып келүүнү жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май алып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. (BTo)
Шерине