Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ормузда кеме аткыланып, бир адам жараат алды

Ормуз кысыгы. Иллюстрация.
Ормуз кысыгы. Иллюстрация.

Ормуз кысыгында, Оманга караштуу тилкеде кысыктан чыгып бараткан кеме снаряд соккусуна кабылып, экипаж мүчөлөрүнүн бири жараат алды. Бул тууралуу Улуу Британиянын Деңиз соода операцияларын көзөмөлдөө башкармалыгы (UKMTO) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кемеге тийген снаряддан машиналык бөлүм зыянга учурады. Жаракат алган экипаж мүчөсүнө жардам көрсөтүлүп жатат.

UKMTO 18-августта тараткан билдирүүсүндө кеменин калган экипажына Омандын жээк күзөт кызматынын көмөгү менен колдоо көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Окуянын чоо-жайын тиешелүү органдар иликтеп жатышат.

Бул окуя дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз соода жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгындагы кеме кыймылы үзгүлтүккө учурап турган кезге туш келди. 17-августта бул тилке аркылуу өткөн жүк ташуучу кемелердин саны алтыга жеткен. Ага чейин, 16-августта болгону эки кеме өткөнү катталган.

Ошол эле учурда Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин жалпы саны февралдын аягында башталган согушка чейинки деңгээлден кыйла төмөн бойдон калууда. Согушка чейин бул стратегиялык суу жолу аркылуу күн сайын 130дан ашуун кеме каттап турган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG