Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Ош шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Ч.З.А. кармалганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди. Маалыматка ылайык, ал пара алууга шек саналып жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иштин чоо-жайы тууралуу комментарий берди. Милициянын маалыматында 17-августта Ош шаардык милициясына 38 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, “Жибек” балдар бакчасына тарбиячы катары жумушка алуу үчүн шектүү 25 миң сом акча талап кылганын билдирген.

“Бакча жетекчиси Ч.З. жабырлануучуга чалып, Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан “Жибек” балдар бакчасына жумушка киргизүүнү айтып ал үчүн 25 000 сом акча берсе, бала бакчага тарбиячы кылып жумушка аларын айткан. Жабырлануучу каражат бербей жумушка алуусун жана мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын айтып суранган учурда, Ч.З. анда жумушка башка талапкерлер бар экенин айтып, акча берген учурда гана эртеси жумушка келишин билдирген. Жабырлануучу жумушка кирүү үчүн аргасыз болуп З.Чилованын телефон номерине ачылган Мбанк эсебине өзүнүн инисинин Мбанк эсебинен 20 000 сом акча которгон. Ал эми эртеси күнү З.Чилова телефон аркылуу жумушка чыгышын айткан. Айлык акы алган соң калган 5000 сомду балдар бакчасында өзүнүн иш бөлмөсүндө алганын жабырлануучу арызында билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты да комментарий бере элек. Ч.З.А. деген инициал Ош шаардык кеңешинин депутаты Чилова Зарина Акылбековнанын аты-жөнүнө туура келет. Ал тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG