Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

"Бир кызматкер ай сайын 20-30 адам жөнөтүшү керек болууда". Орусиядагы жаңы мобилизация аракеттери

Орусиядагы мобилизация. Иллюстрация сүрөт.
Орусиядагы мобилизация. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда ушул күздө мобилизациянын жаңы толкуну жарыяланышы мүмкүн деген маалыматтар көбөйдү. Москва мындай маалыматтарды четке кагып, азырынча мажбурлап мобилизация жүргүзүүнүн ордуна келишимдик негизде аскер топтоону улантууну көздөп жатканын билдирүүдө.

Украин президенти Владимир Зеленский чалгын кызматынын маалыматына таянып, Кремль жыл аягына чейин дагы жүз миңдеген кишини армияга чакырууга даярданып жатканын билдирди. Айрым Батыш басылмалары да Орусиядагы парламенттик шайлоодон кийин мобилизация болушу мүмкүн экенин жазып жатышат.

Зеленский: «Жүз миң адам аскерге чакырылышы мүмкүн»

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия жаңы мобилизацияны күз айларына пландап жатканын чалгын кызматынын маалыматына таянып айтты.

Анын сөзүнө караганда, Москва парламенттик шайлоодон кийин жыл аягына чейин жүз миңдеген адамды армияга чакырууга аракет кылышы мүмкүн.

«Баарын Орусиянын ички документтери да ырастап жатат. Алар муну күзгө, парламенттик шайлоону имитациялагандан кийинки мезгилге даярдап жатышат. Путиндин планы анчалык деле татаал эмес. Ал орусиялыктар согушту колдойт деген көрүнүштү жаратууну каалайт. Шайлоо деп аталган жараян бүткөн соң, жыл аягына чейин дагы жүз миңдеген орусиялыкты тез арада мобилизациялоону пландап жатат. Келерки жылы дагы ушунча адамды чакырууну көздөшөт. Бул келишимдик негизде аскер топтоо аракетинен тышкары пландалууда», — деди Зеленский.

Украин президенти кошумчалагандай, Орусиянын армиясы фронтто ай сайын 10 миңдей кишисин жоготууда. Зеленский алардын 90% жакыны набыт болгонун айтууда. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Зеленский жаңы мобилизация жана Түндүк Кореядан кошумча аскерлердин тартылышы Москвага согушту улантууга жана чабуулдардын санын көбөйтүүгө шарт түзөт деп эсептейт.

Украин лидери ошондой эле Киев Орусиянын бул пландарына тоскоолдук жаратууну көздөп жатканын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-август, 2026-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-август, 2026-жыл.

Батышта да мобилизация тууралуу божомолдор айтылууда

The New York Times басылмасы 15-августта Батыш өлкөлөрүндөгү расмий адамдарга таянып жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада кышкы жаңы чабуулга даярданып жаткан болушу мүмкүн.

Басылманын булактарынын айтымында, мындай чабуулдар украин армиясынын турумдарына жана жарандык инфраструктурага соккулар менен коштолушу ыктымал.

Айрым Батыш расмийлери Путин күзүндө, Мамлекеттик Думага шайлоодон кийин жаңы мобилизация жарыялашы мүмкүн деп эсептешет.

Бирок бул боюнча Батышта да бирдиктүү пикир жок.

The Guardian басылмасы 14-августта Москвадагы талкуулардан кабардар эки булагына жана Батыш өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, Кремль азырынча күч менен жаңы мобилизация өткөрүүнү пландабай турганын жазды.

Алардын маалыматына караганда, Москва келишим түзгөн аскерлердин санын көбөйтүүгө артыкчылык берүүдө.

Келишимдик негизде аскер табуу кыйындады

Мобилизация тууралуу сөздүн кайрадан күчөшүнүн негизги себептеринин бири катары Орусияда келишимдик негизде аскер топтоо ыргагынын төмөндөшү айтылууда.

The Guardian басылмасынын журналисттери Орусиянын борбордук аймактарынын биринде аскер топтоо менен алектенген кызматкер менен сүйлөшкөн.

Анын айтымында, ал иштеген уюм ай сайын согушка 20-30 адам жөнөтүшү керек.

Белгиленген көрсөткүчтөн көп адам тарткан кызматкерлерге кошумча акы төлөнөт. План аткарылбаса, айып пул салынат.

«Былтыр оңой болчу. Азыр барган сайын кыйындап жатат», - деген басылманын булагы.

Ал уюмдун ичинде жаңы мобилизация болушу мүмкүн деген сөздөр айтылып жатканын, бирок аны баштоо тууралуу эч кандай расмий көрсөтмө келе электигин кошумчалаган.

Financial Times буга чейин Кремль жана Орусиянын Коргоо министрлиги аймактык бийликтерден 2026-жылдагы келишимдик аскер топтоо планын аткарууну талап кылганын жазган.

Басылманын маалыматына караганда, быйылкы план боюнча Орусиянын армиясына 409 миң адам келишимдик негизде тартылышы керек.

Акыркы айларда Москва бул планды аткаруу үчүн аймактарга басымды күчөткөнү кабарланууда.

FT булактары муну Кремлдин жаңы мобилизациядан качуу аракети менен байланыштырат.

Көчө рейддери жана мажбурлап келишим түздүрүү

Ошол эле учурда Орусиянын бир катар аймактарында социалдык жактан аярлуу адамдарды армияга тартуу күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.

The Moscow Times басылмасынын маалыматына караганда, айрым эркектер көчөдөгү рейддер учурунда кармалып, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурланып жатат.

Мындай учурлар Пенза, Омск, Ульяновск жана башка аймактарда катталганы кабарланган.

Пенза облусунда жергиликтүү тургундар аскерге тартуучуларга каршы туруу үчүн атайын топторду түзө баштаганы айтылууда.

Мындай маалыматтарды Орусиянын бийлиги расмий түрдө ырастаган эмес.

2022-жылдагы мобилизациядан канча адам калды?

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан жети ай өтпөй, 2022-жылдын сентябрында Владимир Путин «жарым-жартылай мобилизация» жарыялаган.

Орусиянын бийлиги ошол учурда 300 миңдей адам мобилизацияланганын билдирген.

Бул чечим өлкө ичинде олуттуу нааразылык жаратып, миңдеген адамдардын чет өлкөгө чыгып кетишине себеп болгон.

Көп орусиялыктар Казакстан, Кыргызстан, Грузия жана башка мамлекеттерге качышкан.

Германиянын Эл аралык жана коопсуздук маселелери институтунун эксперти Янис Клюгенин эсебинде, 2026-жылдын ортосуна карата ошол 300 миң мобилизацияланган адамдын 100 миңден бир аз ашыгы гана армиянын катарында калышы мүмкүн.

Калгандарынын бир бөлүгү согуш талаасында набыт болгон, жаракат алган же башка себептер менен аскерден кеткен болушу мүмкүн.

Financial Times басылмасынын Орусиянын Коргоо министрлигине жакын булагы жаңы мобилизация Кремлге жаңы көйгөйлөрдү да жаратышы мүмкүн экенин белгилеген.

Анын пикиринде, күчтөп чакыртылган адамдар арасында жоготуу жана дезертирлик жогору болушу ыктымал. Бул өз кезегинде Орусиянын ичиндеги коомдук маанайга терс таасир этиши мүмкүн.

Москва эмне дейт?

Орус бийлиги жаңы мобилизация даярдалып жатат деген маалыматтарды четке кагууда.

Мамлекеттик Думанын депутаты, генерал Андрей Гурулев мындай билдирүүлөрдү Киев Орусиядагы кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн таратып жаткан «ушак» деп атады.

Кремлдин турумунан кабардар булактарга таянган The Guardian да Путин азырынча жаңы мобилизация жарыялоону каалабай турганын жазды.

Мунун негизги себеби 2022-жылдагы мобилизациянын коомдук-саясий кесепеттери.

Ошол себептүү Кремль мүмкүн болушунча аскерлерди армияга келишим аркылуу тартуу, жогорку төлөмдөр жана башка материалдык жеңилдиктер аркылуу армияны толуктоого аракет кылып жатканы айтылат.

Бирок бул пландар толук ишке ашпай, согуштагы жоготуулар көбөйсө, мобилизация маселеси кайра күн тартибине келиши мүмкүн.

Путин согушту 2027-жылга чейин улантууга даярбы?

Мобилизация тууралуу талкуулар Орусиянын Украинадагы узак мөөнөттүү пландары тууралуу жаңы маалыматтар менен коштолууда.

The New York Times басылмасынын журналистери сүйлөшкөн Батыш расмийлеринин баамында, Путин Донбассты толугу менен басып алуу үчүн согушту кеминде 2027-жылдын күзүнө чейин улантууга даяр болушу ыктымал.

Москва азыр да Украинанын жарым-жартылай басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын толугу менен көзөмөлгө алуу талабынан баш тарта элек.

Бул аймактардын бир бөлүгү Киевдин көзөмөлүндө турат. Украина жана дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери Орусиянын бул аймактарды аннексиялоо аракетин тааныбайт.

Батыш аткаминерлеринин баамында, эгер Кремль Донецк облусун толугу менен ээлөө максатына 2027-жылга чейин жете албаса, ошол мезгилде сүйлөшүүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүк жаралышы мүмкүн.

Азырынча болсо тараптардын позициялары бири-биринен кескин айырмаланууда.

Европа сүйлөшүүлөрдөн четте калгысы келбейт

Согуштун дагы узакка созулушу мүмкүн экени Европада согуштан кийинки коопсуздук архитектурасы тууралуу талкууларды да күчөттү.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, Франция, Германия жана Улуу Британия Украина боюнча болочок сүйлөшүүлөргө Европанын түз катышуусун көздөйт.

Бул үч мамлекет Киевди колдогон «каалоочулар коалициясынын» өзөгүн түзөт. Жана алар мүмкүн болгон тынчтык келишиминен кийин Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктеринин варианттарын иштеп чыгууда.

Европалык расмийлер Украинадагы согушту токтотуу жана Орусия менен келечектеги мамиле континенттин коопсуздугу үчүн өтө маанилүү болгондуктан бул маселени толугу менен АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына калтырууга болбойт деп эсептешет.

Бирок Европанын өзүндө да пикир келишпестиктер бар.

Орусияда жаңы мобилизация болору азырынча расмий ырастала элек. Бирок келишим аркылуу аскерлерди тартуудагы кыйынчылыктар, фронттогу жоготуулар жана Москва көздөгөн аймактарды толугу менен басып ала электиги Кремлдин кошумча адам ресурсуна муктаждыгы тууралуу суроону кайрадан курчутууда.

Бул жагдайда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодон кийинки Кремлдин чечимдери Орусиядагы ички саясий кырдаалга гана эмес, Украинадагы согуштун кийинки баскычына да таасир этиши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG