Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Москва облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды, бир нече киши жабыркады

Москва аймагы. Дрон соккусунан кийинки өрт.
Москва аймагы. Дрон соккусунан кийинки өрт.

18-августка караган түнү жана таңкы сааттарда Москва облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу аймактын губернатору Андрей Воробьев билдирди.

Анын айтымында, абадан коргонуу күчтөрү жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары Богородск жана Раменск округдарында, Павловский Посадда, Орехово-Зуеводо, Воскресенскте, Ступинодо, Коломнада жана Электросталь шаарларында 150дөн ашуун учкучсуз аппаратты атып түшүрдү.

Чабуулдун кесепетинен Раменск округунда дрондун сыныктары жеке турак үйгө түшүп, 10 жаштагы кыз жараат алды. Богородск округунда бир аял, Коломна шаарында бир эркек жабыркады.

Павловский Посад шаарында көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп, жашоочулар эвакуацияланды. Ошондой эле калаадагы Биринчи Май көчөсүндөгү имаратта өрт чыкты.

Богородск округунда эки жеке үй зыянга учураса, Ногинск шаарында конок үйү өрттөндү. «Атлант-парк» аймагында дрон Wildberries компаниясынын кампасына тийди. Өрт чектөөгө алынып, жабыркагандар каттоого алынган жок.

Wildberries компаниясы кампанын дубалына сыныктар тийип, анча чоң эмес зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка караганда, кызматкерлер алдын ала эвакуациялангандыктан эч ким жабыркаган жок.

Коломна шаарында дрондун сыныктары түшкөндөн кийин «Глобус» соода борборунун жанындагы соода павильону күйүп кетти. Мындан тышкары ЗАГСтын имараты, дүкөн жана турак үйдүн терезелери жарактан чыкты. Котельники шаарында курулуп жаткан турак жай комплексинин аймагында курулуш материалдары күйүп кетсе, Электросталь шаарында унаа жана трансформатордук көмөк чордон зыян тартты.

«Мособлэнергонун» маалыматына караганда, чабуулдан кийин 5 миңден ашуун керектөөчү жана 46 социалдык объект электр жарыгысыз калды. Ликино-Дулево жана Орехово-Зуево шаарларындагы 109 трансформатордук көмөк чордон өчүрүлдү.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 17-августтун кечинен 18-августтун таңкы саат 5ине чейин Москва аймагын көздөй 620 дрон учуп келгенин, алардын 180и атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августка караган түнү өлкөнүн ар кайсы аймактарында жалпысынан 791 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Дрон чабуулуна аннексияланган Крым жана Азов менен Кара деңиздеринин акваториялары да кабылганы маалымдалды.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG