Казакстанда жаңы окуу жылында биринчи класска кабыл алынган балдардын басымдуу бөлүгү казак тилинде билим алат. Мындан тышкары мектеп программасына жаңы милдеттүү сабактар киргизилип, окуучуларды баалоо системасы өзгөрөт.
Бул тууралуу 18-августта Астанада өткөн өкмөт жыйынында Казакстандын Агартуу министри Жулдыз Сүлейменова билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, быйыл биринчи класска 380 миңден ашуун баланы кабыл алуу пландалууда. Учурда документ тапшыргандардын 71,1% казак тилинде, 26,6% орус тилинде, калган 2,3% башка тилдерде билим алууну тандаган.
Биринчи класска документтер 31-августка чейин кабыл алынат.
2026–2027-окуу жылынан тартып Казакстандын мектеп программасына бир нече жаңы милдеттүү курс киргизилет. 5–7-класстарда «Конституциянын негиздери», 8–11-класстарда «Мыйзам жана тартип», ал эми 5–11-класстарда «Жеке коопсуздук» сабагы милдеттүү түрдө окутулат.
Буга чейин тандоо сабагы болуп келген «Укуктун негиздери» эми бардык окуучулар үчүн милдеттүү болот. Министрдин айтымында, сабактын мазмуну жаңыланып, жаңы Конституциянын принциптерине ылайыкташтырылган.
Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып мектеп окуучуларына сабак учурунда смартфон колдонууга тыюу салынат.
Казакстандын Агартуу министринин биринчи орун басары Шынар Акпарованын айтымында, телефонду окуу программасында атайын каралган учурларда гана колдонууга уруксат берилет.