20-августка караган түнү Румыниянын Тулча аймагына учкучсуз учак кулады. Бул тууралуу Румыниянын Улуттук коргонуу министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, түнкү саат 02:23тө радиолокациялык байкоо системасы Украина менен чек арага жакын жерде абадагы буталарды байкаган. Испаниянын F-18 ВВС эки истребители, Румыниянын аба күчтөрүнүн IAR-330 SOCAT тик учагы абага көтөрүлгөн.
03:21 учкучсуз аппарат өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, үч мүнөттөн кийин Тулча уездинин Гринду калктуу конушунан түндүк-чыгышты карай төрт чакырым алыстыкта эч ким жок жерге кулаган.
Ал түшкөн жерде өрт чыгып, кийин өчкөнү айтылат румын министрлиги тараткан маалыматта. Жабыркагандар жок, учкучсуз аппарат кулаган жерге аскер кызматкерлери барган.
Дрон кайсы өлкөнүкү экени айтыла элек.
Учкучсуз аппараттар Румыниянын аба мейкиндигин бузган учурлар буга чейин да катталган. Акыркы жолу 16-августка караган түнү дрон өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, испаниялык истребител аны атып түшүргөн. Ал учурда Орусиянын армиясы Украинанын жапырт аткылап жаткан.
Июлдун этегинде истребителдер үч күн катары менен өлкө чек арасын бузуп кирген орусиялык учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин Румыния Орусиянын дипломатын өлкөдөн чыгарган.