Бишкекте "Ырыс ордо" конгресс-борборy курулуп бүттү

Бишкек. Ырыс-Ордо.

Бишкекте расмий делегацияларды жана жогорку даражалуу конокторду жайгаштырып, түрдүү иш-чараларды, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган “Ырыс ордо” конгресс-борборунун курулушу аяктады. Анын расмий ачылышына даярдык иштеринин жүрүшү менен 22-августта президент Садыр Жапаров таанышып чыкканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, комплекс 14,7 га аянтты ээлейт, ичинде борбордук имарат жана сегиз мейман үйү бар.

Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс экени маалымдалды.

Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар бар.

"Ынтымак ордонун" жанынан орун алган "Ырыс ордо" конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.

Анын курулушуна мамлекеттин капчыгынан канча каражат бөлүнгөнү тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Быйыл 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.

Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.

Бишкекте буга чейин чет элдик расмий делегациялар "Ала-Арча" резиденциясына же алдыңкы мейманканаларга жайгаштырылчу.

Дагы караңыз

Биринчи Курултай. Казакстандагы парламенттик шайлоонун жаңы өзгөчөлүктөрүӨкмөт инфляцияны ооздуктоого 35 млрд сом бөлөт"Баа ар кандай болуп жатат". Күйүүчү май кымбат келе баштадыМахабат Тажибек кызынын ишин кайра башынан кароого райондук сот 25-августта киришет