Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

Махабат Тажибек кызынын ишин кайра башынан кароого райондук сот 25-августта киришет

Махабат Тажибек кызы жалпысынан абакта эки жылдан ашуун отурду
Махабат Тажибек кызы жалпысынан абакта эки жылдан ашуун отурду

Эркин журналисттик иликтөө менен алектенген кабарчы Махабат Тажибек кызына козголгон кылмыш ишин кайрадан кароо Бишкектин Ленин райондук сотунда 25-августка белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жактоочуларынын бири Акынбек Ногоев билдирди.

Ишти кайра кароону токтотуп, аны таптакыр жабуу тууралуу өтүнүчтөр четке кагылган.

2-июнда Бишкек шаардык соту адвокаттын Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган, бирок иштин өзүн кыскартуу өтүнүчүн четке каккан. Шаардык сотко жактоочулар мына ушул өтүнүчтү кайра карап берүүнү суранып кайрылган.

Иштин райондук сотто кайрадан каралышына Жогорку соттун 10-марттагы чечими негиз болгон. Бул мекеме журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.

Ал эми Жогорку соттун мындай чечими чыгарга чейин, 2025-жылдын август айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобунун сунушу жарыяланган. Топтун баяндамасында Тажибек кызына иш козголушу Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын жети, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын алты беренесин бузганын белгилеген. Ал бошотулушу, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратылганы үчүн кенемте алышы, ал эми кармагандар жоопко тартылышы керек деген сунуш берилген.

Тажибек кызы Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси. Бул долбоорлор Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик деп жарыяланган.

Ал жана өзү менен кызматташкан он чакты журналист, активист жана техникалык кызматкер 2024-жылы 16-январда кармалышкан. Алты жылга соттолгондон кийин Тажибек кызы Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар колониясына которулуп, жалпысынан абакта 2 жылдан ашуун отурду.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 адамды Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы өкүмү менен Махабат Тажибек кызы алты жылга, акын Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту ошол жылы 18-декабрда бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку сот бул ишти эки жолу карады. Биринчисинде, 2025-жылдын 25-февралда бардык өкүмдөрдү күчүндө калтырды, ал эми быйыл 10-мартта жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган. (DSh/RK)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG