Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Журналист Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду

Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы 23-мартта эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыкты. Ал Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.

Ал мындай чечимге түрткү берген эл аралык уюмдарга, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди.

“Жети жыл бою иликтөөлөрдү жасап келдик. Эми мындан ары алдыга кадам таштап, балким, эл аралык иликтөөлөргө баш багабыз. Бүгүн уулума, апама, бир туугандарыма жолугам. Командам менен да кезигем. Аларды сагындым”, - деди Тажибек кызы.

Ушул эле күнү Ленин райондук сотунда жаңы жагдайларга байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч каралып, эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыгаруу чечими чыккан.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.

Шерине

XS
SM
MD
LG