Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча кармалгандар эки айга камалды

Салык кызматынын коллажы.
Салык кызматынын коллажы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 19-марттагы чечими менен "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип, кармалган төрт киши 16-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 23-мартта "Азаттыкка" кабарлады.

Ага ылайык, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1993-жылы туулган Н.Н., анын мурдагы орун басары, 1980-жылы туулган А.Р., ишканага байланышы бар компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. жана ошол ишкананын мурдагы директору, 1990-жылы туулган М.Б. 16-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Аталган жарандар Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалганы 18-мартта кабарланган. ИИМ аларды күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш ишине шек саналып жатышканын билдирген.

Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

17-мартта ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп, сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бардыгын маалымдаган.

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.

19-мартта чет өлкөдөн Бишкекке кайтып келип, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берген Камчыбек Ташиев эки иш боюнча – “75 кишинин катына” жана “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында сурак бергени айтылган. Эртеси Айт намаздан чыгып келе жатып, журналисттердин суроосуна жооп берген Ташиев өз дарегине айтылган айыптоолорду "каралоо" деп атаган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG