Токаев жаңы мөөнөткө шайлоого барар-барбасын айткан жок

Касым-Жомарт Токаев шайлоого добуш берип жатат. Астана. 23-август, 2026-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы президенттик мөөнөткө барар-барбасы боюнча суроого жооп берүүгө "азырынча эрте" деди.

Ал бул тууралуу 23-августта Астанада парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Шайлоого барамбы, барбаймынбы, кайсы жылы - бул тууралуу азырынча сөз кылууга эрте. Анткени өлкөбүздүн алдында турган көптөгөн милдеттерди аткарышыбыз керек", - деди Токаев.

Ошол эле учурда президент Конституциялык соттун чечимине ылайык, кайра шайланууга мыйзамдуу укугу бар экенин белгиледи.

"Конституциялык сот чечим кабыл алды. Бул мыйзамдуу жана табигый чечим. Мен мыйзамдуу тартипте кайра шайланууга укуктуумун. Балким бул суроого келерки жылы тагыраак жооп берем", - деди ал.

Казакстанда 1-июлда жаңы Конституция күчүнө кирген. Жаңы Конституция боюнча президент жети жылдык бир мөөнөткө шайланат. Бирок Конституциялык соттун июль айындагы чечимине ылайык, 2026-жылы жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин мурдагы кызматтагы адамдардын кайра шайланышы же дайындалышы биринчи мөөнөт катары эсептелет. Бул Токаевге кайрадан президенттикке талапкер болууга укуктук мүмкүнчүлүк берди.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти кызматын 2019-жылдан бери аркалап келет. Ал Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин Сенаттын төрагасы катары президенттин милдетин аткаруучу болуп, кийин мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан.

2022-жылы Токаев Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин кайра президенттик шайлоого катышып, расмий жыйынтык боюнча шайлоочулардын 81 пайыздан ашык добушун алган.

Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2029-жылы аяктайт. Буга чейин Токаев кезектеги президенттик шайлоо 2029-жылы өтөрүн билдирген.

Эгер ал шайлоого катышып, жеңишке жетсе, жаңы Конституция боюнча бул анын биринчи президенттик мөөнөтү катары эсептелет.

Дагы караңыз

Иранда Youtube канал жалган маалымат таратууга айыпталды. Перс тилдүү платформа жапырт чектелеби? Орусияда дрон чабуулунан бир түндө эки логистикалык кампада өрт чыктыАба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтШКУ саммитин, Көчмөндөр оюндарын утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлөтПрезидент Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрдү