Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:04

Президент Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрдү

Садыр Жапаров (ортодо) Бишкек Арена жаңы стадионунда. Бишкек. 22-август, 2026-жыл
Садыр Жапаров (ортодо) Бишкек Арена жаңы стадионунда. Бишкек. 22-август, 2026-жыл

Президент Садыр Жапаров 22-августта, Бишкек Арена стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык иштери менен таанышты.

Мамлекет башчысы жаңы курулган стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагындагы негизги объектилерди, анын ичинде соода борборун көрүп чыкты.

Ачылыш аземине даярдык учурунда стадионду жасалгалоого, иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн бардык шарттарды түзүүгө көңүл бурулууда. Президентке ачылыш аземинин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү.

Жаңы курулуп бүткөн Бишкек Арена стадиону 52 миң орунга эсептелген. Анын курулушуна канча акча сарпталганы ачыкталган эмес.

Бишкек Арена жаңы стадиону.
Бишкек Арена жаңы стадиону.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага бир катар өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, улуттук спорттун түрлөрү жана этномаданий оюндар боюнча күч сынашат.

VI Көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG