Украин аскерлеринин дрон чабуулунан Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск портунда бир үй-бүлөнүн эки баласы мерт кетти. Дрон сыныгы жер үйгө түшүп, дагы эки адам ооруканага жеткирилген. Краснодар ыкчам тобу кийинчерээк алардын бири ооруканадан көз жумганын кабарлады.
"Дрон түшкөн жер үйдө ыкчам кызматтар иштеп жатат. Учкучсуз учактардын сыныктары порт аймагындагы ишканага да түшкөн, азыр ал жакта өрттү өчүрүп жатышат. Бардык жабыркагандарга зарыл жардамдар берилет", – деп жазды Кондратьев.
Мурдараак Ейск портуна урулган сокку тууралуу РБК-Украина жазган. Украиналык Supernova+ жана Exilenova+ телеграм каналдары Ейск портунан чыгып жаткан түтүндүн сүрөтүн жарыялашты, такталбаган маалыматтарга караганда, портто кемеге чабуул болгон.
Украинанын Башкы штабы Ейск портуна сокку урулганын кийинчерээк ырастады. Маалыматта бутага порттогу мунай куюучу комплекстин күйүүчү май резервуарлары алынганы айтылган.
Украин куралдуу күчтөрү маалымдашынча, мунай куюучу комплекс Орусия армиясынын муктаждыктары үчүн пайдаланылат.
22-августка караган түндө Орусиянын аймактарында, анын ичинде Волгоград, Ростов облустарынын, Краснодар крайынын, Азов жана Кара деңиздин үстүнөн 457 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн орус Коргоо министрлиги кабарлады. Ростовдо токой өрттөнгөн.
Жума жана ишембиге караган түндө Орусиянын Украинага ракета жана дрондор менен соккусунда жыйырмага чукул адам мерт кетти. Кривой Рогдо 21-августта кечинде эки соккудан кеминде 16 адам каза болуп, 130 адам жараат алды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Дагы тогуз адам, анын ичинде эки бала дайынсыз экени айтылууда.
Шерине