Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

Бишкекте "Ырыс ордо" конгресс-борборy курулуп бүттү

Бишкек. Ырыс-Ордо.
Бишкек. Ырыс-Ордо.

Бишкекте расмий делегацияларды жана жогорку даражалуу конокторду жайгаштырып, түрдүү иш-чараларды, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган “Ырыс ордо” конгресс-борборунун курулушу аяктады. Анын расмий ачылышына даярдык иштеринин жүрүшү менен 22-августта президент Садыр Жапаров таанышып чыкканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, комплекс 14,7 га аянтты ээлейт, ичинде борбордук имарат жана сегиз мейман үйү бар.

Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс экени маалымдалды.

Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар бар.

"Ынтымак ордонун" жанынан орун алган "Ырыс ордо" конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.

Анын курулушуна мамлекеттин капчыгынан канча каражат бөлүнгөнү тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Быйыл 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ошондой эле Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Анын ачылышы 31-августта Бишкекте, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.

Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.

Бишкекте буга чейин чет элдик расмий делегациялар "Ала-Арча" резиденциясына же алдыңкы мейманканаларга жайгаштырылчу.


Шерине

XS
SM
MD
LG