Орусиянын аскерлери 24-августка караган түнү Украинанын Одесса облусуна абадан жапырт сокку урду.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, бутага азык-түлүк сактоочу кампалар жана энергетикалык инфраструктура алынды. Бир катар жер тамдарга да зыян келтирилди.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү объектилеринин биринде да өрт чыккан. Одессанын чет жакасында соккунун кесепетинен токой аянты күйүп кеткен.
Одесса шаарындагы "Эпицентр" курулуш гипермаркеттеринде өрт чыккан. Жергиликтүү "Думская" басылмасынын маалыматына караганда, Пересыпский районундагы Котовский конушунда, экинчиси Хажибей районунда жайгашкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусундагы "Түштүк" портунда Украина армиясы үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келген делген танкерге сокку урулганын билдирди. Мекеме Украина Куралдуу күчтөрүнө арналган күйүүчү май сакталган беш резервуар, логистикалык терминал аймагындагы аскердик мүлк сакталган он кампа, порттук инфраструктура объектилери жана "Түштүк" портунун ишин камсыздаган электр көмөк чордону бутага алынганын кабарлады.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү билдиргендей, Орусия 24-августка караган түнү эки "Оникс" кемеге каршы ракетасын, Х-31П, Х-59 үлгүсүндөгү алты башкарылуучу авиациялык ракетаны жана "Бандероль" дрон-ракеталарын кошкондо жалпысынан 143 учкучсуз аппарат учурган.
Эртең мененки маалыматта айтылгандай, украин абадан коргонуу күчтөрү бир "Оникс" ракетасын, Х-31П жана Х-59 үлгүсүндөгү эки башкарылуучу ракетаны, эки "Бандероль" дрон-ракетасын жана "Шахед" үлгүсүндөгү 109 дронду атып түшүргөн.