Германиянын тергөө органдары украиналык Ан-124 транспорттук учагына каршы болжолдуу диверсия аракетинде бир эмес, бир нече жардыргыч зат орнотулган дрон колдонулган деген жыйынтыкка келди. Бул тууралуу NDR жана WDR телекомпаниялары менен Süddeutsche Zeitung гезитинин 25-августта жарыяланган биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.
4-августта аэропорттун кызматкери Ан-124 учагынын жанынан дрон тапканы кабарланган. Ошол эле күнү DHL жүк ташуучу учагы ушул аэродромдон учуп чыккандан кийин абада белгисиз зат менен кагышкан болушу мүмкүн деген маалымат тараган.
Жаңы иликтөөдө окуядан он күн өткөндөн кийин, 14-августта аэропорттун батыш тарабындагы талаадан дагы бир дрон табылганы белгиленген. Маалыматка караганда, DHL учагы абада дрон менен кагышкан болсо, анда Лейпциг аэропортуна коркунуч жараткан үчүнчү учкучсуз аппарат жөнүндө сөз болуп жатат. Дрондун жанынан тергөөчүлөр 50 грамм зат табышкан, ал гексоген болушу мүмкүн.
"Балким, ниети бузуктар мурда болжолдогондон алда канча масштабдуу чабуулду пландаштырган", - деп жазылган иликтөөдө.
Тергөөчүлөр DHL учагынын абадагы окуядан кийинки абалына жана кагылышууга бир нече секунд калганда учкучтар кичинекей объектини көргөнүн айткандарына таянуу менен дрон менен кагылышуу болгон деген версияны карманууда. Бирок дрондун өзү же сыныктары табылган эмес. Тергөө дрон кагылышуудан кийин кыймылдаткычка кирип кетип, майда бөлүктөргө бөлүнүп кетиши ыктымал деген пикирде.
Аскердик жүктөр ташылган Лейпциг аэропортундагы бул окуя Германияда чоң резонанс жаратты. ЖМКлар өз булактарына таянып, бул окуяга Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси болушу мүмкүн деп жазышкан. DW басылмасы Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт 19-августта өкмөттө азырынча окуяга так баа берүү үчүн жетиштүү далилдер жок экенин билдиргенин жазды.