Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөргө 2 млн 701 миң сом айып салынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан видеодон алынгна сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн чет өлкөлүктөрдү аныктоо үчүн “Нелегал-2026” иш-чарасы өткөнүн билдирди.

13-21-август күндөрү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы менен чогуу өткөрүлгөн рейдде чет жактан келген жарандар иштеп жаткан 31 объект, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 1015 чет өлкөлүк жаран текшерилди. Анын жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузган 303 адам аныкталып, аларга 2 млн 701 миң 500 сом айып салынды.

Андан тышкары сегиз чет өлкөлүктү Кыргызстандан депортация кылуу иштери жүрүп жатат.

УКМК Кыргызстанга кирүү, каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра киришине тыюу да салынышы мүмкүн экенин эскертти. (BTo)

Дагы караңыз

Орунтаевге "кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн" сөгүш берилдиСот Тажибек кызына The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берген жокЖанарбек Акаев Сулайман-Тоо боюнча сунушуна түшүндүрмө бердиАкылбек Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиАКШ башпаанек сурап кайрылган 200 миңдей кишинин визасын жокко чыгарышы мүмкүнАрмениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камалды