Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган комплекс аркылуу айдоочу жасалма мамлекеттик каттоо номуру менен жүргөнү жана буга чейин 1 млн 91 миң 700 сом айып пулу бар экени такталган.

Текшерүүдө “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү машинеге жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы белгилүү болуп, автоунаа айып короого киргизилди.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Алар жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктайт. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөргө 2 млн 701 миң сом айып салындыОрунтаевге "кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн" сөгүш берилдиСот Тажибек кызына The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берген жок"Сулайман-Тоо" музей комплекси курулуштарга жол берилбей турганын билдирдиАкылбек Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиАКШ башпаанек сурап кайрылган 200 миңдей кишинин визасын жокко чыгарышы мүмкүн