Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн чет өлкөлүктөрдү аныктоо үчүн “Нелегал-2026” иш-чарасы өткөнүн билдирди.
13-21-август күндөрү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы менен чогуу өткөрүлгөн рейдде чет жактан келген жарандар иштеп жаткан 31 объект, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 1015 чет өлкөлүк жаран текшерилди. Анын жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузган 303 адам аныкталып, аларга 2 млн 701 миң 500 сом айып салынды.
Андан тышкары сегиз чет өлкөлүктү Кыргызстандан депортация кылуу иштери жүрүп жатат.
УКМК Кыргызстанга кирүү, каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра киришине тыюу да салынышы мүмкүн экенин эскертти. (BTo)
Шерине