Өкмөт Кыргызстанга чет жактан күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга субсидия берүүнү 2026-жылдын аягына чейин узартта. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ага ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир тоннасы үчүн 960 доллар, дизелдин бир тоннасы үчүн 1050 доллар жана автогаздын бир тоннасы үчүн 650 доллар деп белгиленди. АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге субсидия берилбейт.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланмак. Өкмөт ушул убакытка чейин Кыргызстанга мунай ташыган компанияларга 956 миллион 139 миң сом субсидия берди.
Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)